Бишкекте Ж.Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сүт азыктарын сатуучу темир күркөдөн өрт чыгып, анын ичиндеги бир нече буюм күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аянты 8 чарчы метрди түзгөн сүт азыктарын сатуучу темир күркөнүн эшиги, терезеси, жылууланган дубалы, 5 даана муздаткыч, көргөзмө текчелери жана сүт азыктары күйүп кетти.
Өрт кырсыгы электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам болгон.