Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында 500 түк чөп күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 3 жаштагы баласынын от менен болгон шоктугунан улам чыккан. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда аянты 268 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу жыгач устундуу, шифер менен жабылган үйдүн чатыры, 300 боо саман, 400 боо беде, 100 боо жүгөрү сабагы, 50 боо пахта сабагы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.