Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы республикалык тесттен төмөн упай алып, мамлекеттик университетке өтпөй калган абитуриенттерге окуу жайдын окутуучулары жеке университетке өткөрүү сунушун киргизишчү. Бул үчүн абитуриенттер 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин акча каражатын берүүлөрү керек болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.