"Туура жолго түшкөндөрдү абактан бошотуу боюнча биздин даттанууларыбыздын үчтөн бирин гана соттор канааттандырып жатышат",- деди бүгүн, 27-октябрда №2-аялдар колониясынын башчысы Мирбек Миңбаев. Муну ал “Кыргызстандагы эркиндиктен ажыратуу, чектөө жерлериндеги балдар менен аялдар: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча бир эле аялдар колониясы бар болгондуктан, анда бардык категориялардагы соттолгондор отурат. "Мисалы, биринчи жолу кылмыш жасаган жашы жете элек кыздар буга чейин бир нече жолу соттолгон аялдар менен биздин колонияда отурушат. Мындай көрүнүш ошол кыздарга терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күнү башка мекемени курууга мүмкүнчүлүк жок болууда. Мындан улам колонияда аялдарды алардын категорияларына карата бөлүштүрүп, өз-өзүнчө жайгаштырып жатабыз. Бирок ошол эле учурда алар менен ошол эле кызматкерлер иштеп жатышат. Бул кызматкерлер баарына бирдей мамиле жасашат",- деди Миңбаев.
"Биз бардык уюмдарга ачыкпыз. Алар менен бирге иштешүүгө даярбыз. Уюмдардын мүчөлөрү бизге келгенде биз бардык көйгөйлөр менен тааныштырабыз",- деп толуктады ал.
Мындан тышкары аялдар колониясынын башчысы абакта балдары бар аялдар боюнча кошумча пикири менен бөлүштү: "Маселен, абакта бир нече мөөнөт отуруп, туура жолго түшкөн айымды биз мунапыс аркылуу жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу боюнча сотко даттануу тапшырабыз. Бирок сот үчтөн бирин гана эркиндикке чыгарууда".