Бишкектин көчөлөрүндөгү карды тазалоо иштерине 4 атайын унаа жана 24 кызматкер тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин "Кыргызгидромет" Кыргызстан боюнча 27-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү болору тууралуу маалымат берген. Аба ырайынын мындай шарттары автотранспорттун, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштерин оорлотууда.
Борбор калаада жаан-чачын кечээ, 26-октябрь күнү кечинде башталып, катуу шамал жана кар жаагандан улам көптөгөн дарактар сынып, айрымдары жыгылып калган.