Өткөн аптада Түркияда өткөн "мыйзамдагы уурулардын" чогулушунда кыргызстандык Улан Токтосунов “мыйзамдагы ууру” аталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Уланды “мыйзамдагы ууру” кылуу демилгеси "кримавторитет" Жора Ташкентский жана Тимур Саратовский тарабынан сунушталган.
Айрым маалыматтар боюнча, Улан Токтосунов Кыргызстандын жараны. Ал 1978-жылы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда туулган. Көпчүлүк аны Сакал лакап аты менен тааныйт.
Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда маалыматтын такталып жатканын айтышты.