Аламүдүн районунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 25-октябрь күнү болгон. Анда 39 жаштагы айдоочу Лексус RX-300 унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен 44 жаштагы жабырлануучу ооруканадан каза тапкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.