Жайыл районунда айдоочу улгайган эки жөө жүрүүчүнү сүзүп, алар окуя болгон жерден каза табышты

Жайыл районунда автокырсыктын кесепетинен 2 аял каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Honda-CRV үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 20 жаштагы жергиликтүү тургун саат 19:00 чамасында 8-Март көчөсүнөн эки жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жөө адамдар алган оор жаракаттардан улам каза табышкан. Алар Панфилов айылынын 70 жана 59 жаштагы жашоочулары экени маалым болду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан