Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу токтотулат

“Бишкек суу-канал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, эртең, 28-октябрда саат 9.00дөн 18.00гө чейин профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу “Көк-Жар” суу алгычында суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Темир жол сызыгы, Панфилов, Фрунзе жана "Аламүдүн" базарынын көчөлөрү, анын ичинде: Чыгыш-6 кичи району, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясы, Гоголь көчөсүндө жайгашкан мечитте, “Штайнбройн” ЖАК, №5, 12, 65, 67-лицейлери, №11, 4, 30-орто мектептери, “Звёздочка” мектеп-комплекси, №145, 178, 35, 124-бала бакчасы, “Бишкек-Сити” соода борбору, Токтогул көчөсүндөгү Шаардык вен-борбору, “Карвен-Клуб-Плюс” спорткомплекси, Бишкек газ чарбачылык башкармалыгы, Бишкек шаарынын ИИБи, “Жыргал”, “Дордой-Плаза” соода борборлору, №4, 10-үй-бүлөлүк медициналык борбору, “Айгүл” АК, "Аалам" ишканасы, “Кыргызтелеком” ААК, “Кыргыз почтасы”, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Республикалык диагностикалык борбору, Кыргыз-Орус Славян университети, “Кабар” КУТМА, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкармалыгы, Сүйүнбаев көчөсүндөгү Чүй университети, Москва көчөсүндөгү “Пакистан” банкы, Гоголь көчөсүндө жайгашкан “Триада” басмаканасы,  Москва көчөсү, №80\1 "Росинбанк", “РСК-Банктын” филиалы, Москва көчөсү, №78\1, “Мега-Комфорт” соода үйү, “1000 мелочей” жаңы түйүндөр тармагы, Свердлов райондук ИИБи, Огонбаев көчөсү, №222, “Графа” басмаканасы, “Алтын-Башат” мектеби жана бала бакчасы, “Телеком” АК, "Детский мир "Силк-Вэй" соода үйү,  Сүйүнбаев көчөсү, №14 “Инвест-холдинг” ЖЧК даректеринде ичүүчү суу берилбейт.

“Бишкек суу-канал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DIAFRER
2014-10-27 17:30:05
Чыгыш-6 дейт го))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан