Ысык-Ата районунда БМВ унаасынын айдоочусу 63 жаштагы жаранды сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-октябрь күнү саат 20:00 чамасында катталган. Анда 30 жаштагы Кемин районунун тургуну Бишкек-Торугарт унаа жолунун 15-чакырымында, БМВ унаасы менен 63 жаштагы жаранды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын себеби такталууда.