Борбор калаада зордуктоого шектелип шаардын 33 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Сокулук районунун 23 жаштагы Л.Инна аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада 33 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.