Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жаткандыгы айтылды

Бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаментинин башчысы Нурбек Элебаев: “Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жатат”,- деп билдирди.

Анын билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өкүлдөрү электр энергия сатып алуу боюнча Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапарлары менен барып келишти. “Учурда 2,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз болууда. Кыргызстанда 7,4 миллиард киловатт-саат чыгарылса, жалпысынан 9,8 миллиард киловатт-саат керек болууда”,- деди ал.

Мындан тышкары Элебаев Казакстандан электр энергия сатып алуу иш жүзүнө аша турганын жана арзаныраак болорун баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin1
2014-10-27 16:15:56
Ана акча жемей башталды.Биринчи озбек тарап тоскоолдуксуз откоробу жокпу суйлошуп туруп анан сатып албайсынарбы?Балли ана сага опытный акча жештин жолу.Озбек тарап совсем откорбой койсо эмне кыласынар эми?Тим эле укмуш опытный деп жаткан министрдин кылган ишиби бул Биссмилля дегенде эле баштаган.Коррупционер коррупционер боюнча калат" Уйга жугон салабы,конгон адат калабы" деген соз бекеринен айтылып калбаса керек.
-1
baiysh0704
2014-10-27 17:14:21
Dadin1,кайда барба сен катышат экенсин,сенин комментарийинди кором окуйм молодец.
0
Multicam
2014-10-27 19:17:57
Dadin1,
кайрадан окуп чык. Сатып алып, откоруш кыйын болуп жатат деп жазылып турат. Келер чакта жазылган. Азырынча сатып алына элек.
0
Dadin1
2014-10-27 19:39:34
Multicam, жакшылап эле окудум эле:“Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жатат” деп эле турат.Сатып алып откоруш эмес, откоруудо тосколдук болуп жатат деп айтыптыр.Значит акчасын толоп сатып алышкан,анан озбек тарап аркылуу откоруудо тоскоолдук болуп жатат.Озбектер менен Транзитти сулошуп алыш керек болчу биринчиден,канчага откоросунор акалар деп,туштон кийин какылыктабай.Ошону туура эле ж
0
arisim
2014-10-27 21:52:17
Ушул озбектерге бизден суу баратгоо ошол сууну жаап койсо болбойбу,алар каалаганда газды очурушот каалагандарын жасашат,алар тоосколдук кылганда силерда ушинтип тоосколдук кылып туурсанар болот,Бакиев иштеп жургондо ушундай ответ берген экен эле сууну жаап коюп,силерда кеткен президенттердин жаман жактарын эмес,ушундай пайдалуу жактарын уйронсонор болмок,карап туурсан бут эле пайдасыз жактарын коруп жатабыз.
+1
kaytmas
2014-10-27 22:55:01
arisim, Озбекстан Акаев,Бакиев тердин убагында Кыргызстандын суусуна муктаж эле,азыр алар чончон скважиналарды чыгарып алышкан пахтасын кенири суугарып атышат,дагы беш жылдан кийин Кыргызстанды суунду мага киргизбе тос а так сотко берем деп айтат болуш кк.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан