“Болжол менен 5-ноябрга чейин электр энергиясы боюнча бардык суроолорго так жоопторду бере алабыз”,- деди КРнын Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев. Муну ал бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, кечээ вице-премьер-министр Валерий Диль жетектеген топ Түркмөнстанга болгон иш сапарынан келишти. “В.Диль Түркмөнстандын президенти, вице-премьер-министрлери, энергетика министри жана башка тиешелүү чиновниктер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул иш сапар ийгиликтүү болгонуна ишенебиз. Ал эми учурда биз катуу иштеп, кыштан кыйналбай чыгып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер электр энергиясынын керектүү көлөмүн импорттой алсак, светти өчүрүүлөр болбойт”,- деди Турдубаев.