Бишкекте милициянын погонун жулуп алган Германиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине кечээ, 26-октябрь күнү Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал жеке сауналардын биринин жетекчилигине чара көрүүнү сураган. Арыздануучу түнкү убактарда жеке саунадан катуу музыка чыгып, коомдук тартип бузулуп жатканын айткан. Күч органдары аталган жерге барып, саунаны текшерүүгө алышканда ошол жердеги бир жаран каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин погонун жулуп алган. Иликтөөнүн жүрүшүндө тартип бузуучу 43 жаштагы Германиянын жараны экени аныкталган. Ошондой эле анын мас абалында экендиги белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.