Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 28-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Тыныстанов, Линейная, Байтик баатыр көчөлөрүндө, Ынтымак (Абдрахманов көчөсү) конушунда №317, 2105-трансформаторлорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Ошондой эле Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын түштүк тарабында, Александровка айылынын батыш тарабында, Токмок (Слободская, М.Горький көчөлөрү) шаарындагы электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан