Чүй облусунун Кара-Балта шаарында бүгүн, 27-октябрда белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жайыл РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ковровщиков кварталынын №18-үйүндө саат 07:00 чамасында азиат улутундагы, болжол менен 45-50 жаштардагы, бою 165-170 сантиметрди түзгөн арык чырай келген эркек адамдын жансыз денеси табылган.
Жайыл РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн билдиришкендей, анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөн белгилер жок. Мурунку күнү ал адам аталган кварталда мас абалда жүргөнүн көрүшкөн. Анын жанында 100 сом жана 2 SIM-карта болгон. Маркумдун өзгөчө белгилери: сол кулагында кесиги жана муруту бар.