Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат кабыл алынмайынча бир фазалуу жана үч фазалуу абоненттерди бөлүү менен эски баалар сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда
“2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик
саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаментинин башчысы Нурбек Элебаев билдирди.Анын айтымында, ушул жылдын 1-декабрында жаңы тарифтик саясаттын кабыл алынышы күтүлүүдө. "Ага ылайык, пайдаланылган электр кубаттын 700 киловатт-саатынын ар бир киловатт-сааты 70 тыйындан. Ал эми бул көлөмдөн ашыкча иштетилген киловатт-сааттын баасы 1 сом 20 тыйынга барабар",- деди Элебаев.
Айта кетсек, у
шул жылдын 1-сентябрынан тарта бир фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 70 тыйын, үч фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйын болгон. Мындан тышкары "Түндүк электр" ишканасы 3 фазага туташкан абоненттердин электр энергиясын колдонуу тарифи боюнча түшүндүрмө берген.