Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинде 6 кесиптик окуу жайдын филиалдары иш алып барат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-2015-жылкы окуу жылында абактардагы 933 адам 20дан ашык адистик боюнча билим алууда. Аларга кадимкидей стипендия берилип, окуу жылынын соңунда дипломго ээ болушат. Бул абактан чыккан соттолуучулардын тез жумуш таап, коомго аралашып кетүүсүнө шарт түзөт.