28-октябрда айрым жерлерде, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -9°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -4°C
Бишкек шаары. Күндүз +2°C, түнкүсүн -7°C
Эскертүү!
28-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.