Жылнаама, 28-октябрь: Мындан 128 жыл мурун Нью-Йоркто Эркиндик статуясынын расмий ачылышы болгон

* Мындан 128 жыл мурун, 1886-жылы Нью-Йоркто Эркиндик статуясынын расмий ачылышы болгон. АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган Эркиндик статуясы 1876-жылы АКШнын көз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын жүз жылдык мааракесине карата Франциянын элинен белек катары жасалган. Бул статуянын салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин болгон. Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольди жана инженер Гюстав Эйфель жасашкан. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бөлүккө бөлүп, 214 жашикке салышкан. Анын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнө чейин 93 метр, статуянын өзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгөн.
 
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы “Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Билл Гейтс Сиэтлде (Вашингтон штаты) туулган. Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт менен Гарвардга тапшырган. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок. Бирок окуусун аягына чейин бүтүргөн эмес. 1975-жылы Гейтс Пол Аллен менен бирге “Micro-Soft”, кийинчерээк “Microsoft” деп өзгөртүлгөн компанияны негиздешкен. 2008-жылдын 7-январында Билл Гейтс “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 
* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы америкалык актриса Жулия Робертс АКШнын Жорджия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлө­сүндө төрөлгөн. Жулия мектепти бүткөндөн кийин Манхэттен шаарына келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеп калган. Ал 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны америкалык режиссёр Гарри Маршалл "Красотка" фильмине башкы каармандын ролун аткарууга чакырган. Бул фильмден кийин актриса Голливуд жылдыздарынын катарына кирген.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Кабулдагы БУУнун кызматкерлери жашаган мейманканага чабуул коюшуп, бир нече сааттык атышуудан кийин өздөрүн кошо жардырып жиберишкен. Жыйынтыгында 12 киши каза болгон. "Талибан" кыймылы муну 7-ноябрда болуучу президенттик шайлоого чет элдиктердин киришүүсүнө эскертүү экенин белгилеп, ооган элин "шайлоого катышкан адамдар да жооп берет" деп коркутушкан. 
28-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан