Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча комитети кызматтык унаа сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу маалымат КРнын мамлекеттик сатып алууларынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Тендердик билдирүүлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү – 17-ноябрь. Унаа сатып алууга пландалган сумма 770 000 сомду түзөт.