Владимир Жириновский: "Футбол боюнча Орусия курамасынын машыктыруучусу Фабио Капелло кызматтан кетсин!"

Депутат Владимир Жириновский футбол боюнча Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Фабио Капеллодон кызматтан кетүүсүн суранды. Бул тууралуу ал футбол боюнча 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугун талдоого багытталган тегерек столдун жүрүшүндө билдиргенин орусиялык басылмалар кабарлашат.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучунун тегерек столдо айткандары көп депутаттын купулуна толгон жок. “Бүтүндөй өлкө Капеллону укканга укугу бар. Аны болсо биздин пикирибиз кызыктырбайт экен. Мындай кырдаалда ал кызматтан кетсин”,- деп билдирген В.Жириновский.

Кошумчалай кетсек, Фабио Капелло машыктырган Орусия курама командасы Дүйнө чемпиондугунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн. Буга байланыштуу көпчүлүк анын кызматтан кетүүсүн күтүп келишкен. Ошентсе да машыктыруучулук кызматын таштабаганынан улам ага акыркы 4 айдан бери айлык төлөнө элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zman53
2014-10-28 09:17:36
Бул кишиге эч ким жакпайт окшойт.Кетсин деген созду бизден уйронгон го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан