Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 28-октябрда билдиришти.
“Кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалды. Учурда ал сурак берүүдө. Анын мындай ишке барышы күмөн жаратууда. Жанында андан башка дагы адамдар болушу мүмкүн. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди Ички иштер министрлиги.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле.