Чүй районундагы Садовое айылында эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Тойота Марк-2 автоунаасы менен Фольксваген-Гольф-2 үлгүсүндөгү автоунаалары сүзүшүп, 2 автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Анын кесепетинен унаалардын айдоочулары каза табышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп, каза тапкандардын аты-жөндөрү аныкталууда.