Бишкек шаарынын тургуну көчөдөн таап алган 5,45 калибрлүү Калашников автоматынын 302 даана ок-дарысын милиция кызматкерлерине тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин 10-бөлүмүнө кайрылган 63 жаштагы И.Владимир аттуу жаран Калашников автоматынын ок-дарыларын Орозбеков көчөсү менен Чоң Чүй каналынан кесилишинен таап алган. Учурда бул боюнча тактоо жана иликтөө иштери жүрүүдө.