Өзгөн райондук сотунун судьясы К.Н. 22 жыл мурун сот жообуна тартылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 1992-жылы Ош шаардык элдик сотунун чечими менен К.Н. аттуу жаран күнөөлүү деп табылып, ага 500 рубль айып пул салынган.
Мыйзамга ылайык, сот жообуна тартылган адам судья боло албайт. Учурда аталган судьянын иши боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Соттор кеңешине көрсөтмө берилди.