Баткен. Кадамжай шаарында жөө жүрүүчүлөр үчүн атайын жолдор курулууда

Баткен облусундагы Кадамжай шаарында жөө жүрүүчүлөр үчүн атайын жолдор курулууда. Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев шаарда элдин саны да, автоунаалар да көбөйүп, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдун жоктугунан көйгөй жаралганын айтып: "Азыркы күндө Кадамжай шаарында мындай иш-чаралардын алкагында жол кеңейтүүлөр баарыбыз үчүн пайдалуу деп ойлойм. Орозбеков көчөсү менен кесилишкен Звёздный көчөсүнүн жолун 2 метрге кеңейтип, жөө адамдар баса турган жол курулуп жатат. Бул жол менен чектеш жашаган элдерден уруксат алып, алар менен макулдашып, алган жерлеринин ордуна тосмо тосуп берип жатабыз",- деди.

Ошондой эле жарыктандыруу үчүн жол боюна 14 түркүк орнотулуп жатканын айтты. "Узундугу 470 метр болгон жолдун кеңдиги 1,20 сантиметр. Иш-чарага 2 миллион 470 миң сом акча каражаты жумшалган",- деп кошумчалады вице-мэр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан