Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө машыгуу учурунда аскер кызматкерлери жабыркашты

Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлери кырсыкка кабылып, жаракат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда аталган аскер бөлүгүнүн полигонунда жөө аскер унаалары (БМП-2) менен машыгуулар өтүп жаткан. Унаалардын бири тоодон түшүп жатып брустверди (окоптун сырт жагына кырдалган топурак) сүзүп кеткен. Анын натыйжасында унаада отурган аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Беш-Күнгөй айылындагы ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу.

Бул факт боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги тарабынан кызматтык тергөөнү жүргүзүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elgiz0890
2014-10-28 17:28:23
Аман эле болгула жоокер менда ошол жерде кызмат отогом сагындым 73809 мсб
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан