Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Кара-Балтада 2 кабаттуу үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Кара-Балта шаарындагы Советский көчөсүндөгү 2 кабаттуу турак үйдүн 130 чарчы метр жыгач устундуу, ондулин жабылган чатыры толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле 2-кабаттагы эмеректер да күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан