Доллардын сатуудагы баасы 57 сом 70 тыйынга жетип, бир жыл ичинде баа 19 пайызга көтөрүлдү
Бүгүн, 28-октябрга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 57 сомдон ашып, сатып алуудагы баа 56 сом 50 тыйынды, ал эми сатуудагы баасы 57 сом 70 тыйынды түзүүдө. 2013-жылдын октябрь айындагы көрсөткүчү менен азыркы учурдагы көрсөткүчтү салыштырганда, 1 жыл ичинде доллар 9 сомго же болбосо 19 пайызга (орто эсеп менен) кымбаттаган.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев