Борбор калаада "уурулук кылып жүргөн" деген шек менен жашы жете элек 3 өспүрүм кармалды

Бишкекте "2 күркөнү тоногон" деген шек менен Военно-Антоновка айылынын 3 жашы жете элек өспүрүмү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек ШИИББине Пётр, Дмитрий жана Александр аттуу балдардын шаар ичиндеги күркөлөргө уурулукка кирип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 14 жаштагы Д.Пётр жана 13 жаштагы М.Дмитрий менен Ч.Александр кармалды. Учурда өспүрүмдөрдүн эки уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-10-28 14:34:39
Ааа бечаралар, уурдаганга жараша миллион,миллиардтарды уурдабайсынарбы.Мейли эми жаш экенсинер силерге кечиримдуу чонойсонор акылдуу болуп каласынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан