Маалым болгондой, кечээ, 27-октябрда Москва районундагы аймактык ооруканага мас абалда, денесине бычактан жараат алган 1986-жылы туулган Садовое айылынын тургуну келип түшкөн.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 49 жаштагы тургуну кармалды. Эки кошунанын урушуна турмуштук маселелер себеп болгону айтылууда.