Бишкек-Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында айдоочу 9 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны 1987-жылкы айдоочу башкарып бара жатып баланы сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттарды алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.