Орусияда алдамчылыкка шектелип кыргызстандык аял кармалды

Орусиянын Екатеринбург шаарында 46 жаштагы кыргызстандык аял "адамдарды алдоо жолу менен акча каражаттарын алып жүргөн" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2014-жылы аталган шаарга кызы менен келген. “Экстрасенстик өзгөчөлүгүм бар” деген айым "дарылайм, көз тийүүдөн сактоого жана байып кетүүгө жардам берем" деп, ал кызматы үчүн жарандардан (алардын көбү пенсионерлер) акча, баалуу буюмдарды алчу. Мындан улам алар полицияга кайрылышкан.

Учурда укук коргоочулар кылмышка шектүүнү кармашты, бирок ал сурак берүүдөн баш тартууда. Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bilalbil
2014-10-28 19:00:11
Цыганга итке битке кыргыздын паспортун берсенен ушундай болот
+7
bema_bema
2014-10-28 21:14:54
Цыгаааанго
+2
sarbo
2014-10-29 10:29:09
акча берсе кыргыздар негрлерге да бере беришет
+1
tynara81
2014-10-29 23:49:39
Лөлү окшойт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан