Кыргызстанда абакта отурган аялдардын 33 пайызы күйөөлөрүнүн туугандарын өлтүрүү боюнча камалган

Кыргызстанда абакта отурган аялдардын 33 пайызы күйөөлөрүнүн туугандарын өлтүрүү боюнча камалган. Бул тууралуу маалымат Эл аралык абак реформасы уюму жүргүзгөн "Камалган аялдар кимдер?" деген аталыштагы изилдөөнүн жыйынтыктарында белгилүү болду. 

Ага ылайык, аялдардын 32 пайызы баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгон. "Кыргызстан Ооганстандан баңгизаттарды түндүк мамлекеттерге өткөрүүчү транзиттик жерде жайгашкандыктан, айрым кыргызстандыктар баңгизатты сактоо жана өткөрүү менен алектенишүүдө. Алардын арасында аялдар да бар. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн алар 4-8 жылга эркинен ажыратылышат",- деп жазылат изилдөөнүн жыйынтыгында.

Мындан тышкары анда аялдар күйөөлөрү же анын туугандары тарабынан зордук-зомбулукка, психологиялык басымга кабылгандыктан, мыйзам бузууга баргандыгы белгиленүүдө. Изилдөөнүн жүрүшүндө айрым аялдар балдарын коргоо ниети менен кылмышка барганын да айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
M.i_i.m
2014-10-29 02:13:32
Аялдар оз укугун жакшы билбеген учун отурушат.Аялдардын укукгун коргоо бирикмелери тоолук кучундо иштей элек.Аялдарда да бар куноо.Эркектен ур токмок зомбулук коробу кайрылыш керек укук коргоо органдарына Жанакы биз кыргызчылыкка таянып койобуз узулбогон умут менен онолуп каалар деп.Эркек бир зомбулук корсотобу созсуз 2- жолу кайталанат 3- жолуну уже уйронуп калат анан аялдында жаны барда ур токмогуна алганда чыдабай же бычак сая койот же колго тийген нерсе менен чаба койот анан олтуруп алып аза
0
gulperi92
2014-10-29 10:45:30
энеси олуп калса айла жок балдары журушот,бирок мынтип абакта отурган энелердин балдары кандай кундорду коруп жатышат болду экен?Ар бир аялга да,эркеке да ынсап берсин Аллахым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан