29-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -8°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Бишкек шаары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -7°C
Эскертүү!
28-29-октябрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош, Бишкек-Талас унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.