Ош шаарында бүгүн, 29-октябрда 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтөт.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жыйындын алкагында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыктары жана 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндөгү маселелер талкууланмакчы.