
* Мындан 175 жыл мурун, 1839-жылы Чүйдүн Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер,
Жантай хандын уулу Шабдан Чүй өрөөнүндөгү Көк-Жар жайлоосунда туулган. Кыргыздын тарыхый улуу инсаны Шабдан Жантай уулу 1912-жылы 6-апрелде 72 жашында дүйнөдөн кайткан. Айрым маалыматтарда Шабдан баатыр өзүнүн болгон байлыгын жакыр адамдарга таратып, өзү жокчулукта каза болгону айтылат.

* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы атайын 31 кишини өлтүргөн америкалык медайым
Жейн Топпан 84 жашында жиндиканада жатып каза болгон. Ал оорулуу адамдарга ар кандай күчтүү дарыларды көп өлчөмдө сайып, ал оорулуулардын нерв системине кандай таасир этерине байкоо жүргүзгөн. Жейн Топпан 1901-жылы 26-октябрда киши өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Алгач 11 кишини өлтүргөнүн мойнуна алса, кийин 31 адамды өлтүргөнү далилденген. Кылмыш иликтөө убагында Жейн Топпан психикалык жактан оорулуу экени аныкталган. Сот аны күнөөсүз деп таап, жиндиканага жаткызуу тууралуу өкүм чыгарган. Жейн Топпан калган жашоосун өмүрүнүн аягына чейин жиндиканада өткөргөн.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Түркия Республикасынын 90 жылдык мааракесине карата узундугу 13 чакырым 600 метрди түзгөн Мармарай суу алдындагы темир жол тоннелинин ачылыш салтанаты болуп өткөн. Аталган тоннель Стамбулдун Европа менен Азия бөлүгүн туташтырып, дүйнөдөгү эң терең суу алдында салынган тоннелдердин экинчиси болуп саналган. Анткени ал Босфор кысыгынын алдында, 55 метр тереңдикте салынган. Күнүнө 1,5 миллион жүргүнчүнү ташууга ыңгайлашкан. Долбоордун жалпы суммасы 3,3 миллиард еврону түзгөн. Тоннель 2004-жылы курулуп баштаган. Анын Европа жээгиндеги кире бериш оозу Казлычешмеде, ал эми Азиядагы кире бериш оозу Айрылыкчешмеде жайгашкан.