Банк аркылуу жөлөк пул алуучулардын саны 9 ай аралыгында 13 миң адамды түздү

Банк аркылуу жөлөк пул алуучулардын саны 2014-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында 13 600 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда КРнын Социалдык фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2014-жылы 1-январда республика боюнча жөлөк пул алуучулардын саны 581 200 адам болсо, анын ичинен банк аркылуу алуучулар 178 миң адамды, башкача айтканда 30,6 пайызды түзгөн. Ал эми 2014-жылдын 1-октябрына карата өлкө аймагы боюнча жөлөк пул алуучулардын саны 588 600 адамга жеткен. Анын ичинен республикалык банктар аркылуу алуучулар 191 600 же 32,5 пайызды түзгөн.

Ал эми “Кыргыз почтасы” аркылуу жөлөк пул алуучулардын саны 397 000 адамды же жалпы сумманын 67,5 пайызын түзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан