Баткен. Президенттин сапарындагы эси ооп кулаган окуучунун мугалими окуя тууралуу түшүндүрмө берди

Гезитибиздин №520-санында “Ажонун Баткенге болгон сапарындагы “ляптар” деген макала чыккан эле. Анда №3-мектептин ачылышында президенттин көз алдында мектеп окуучусунун эсин жоготуп кулап калгандыгы тууралуу жазылган. Ошол окуя боюнча мектептин директору Мээринса Жапарова мындай дейт: “Окуучулар саат 8 эмес, 11:00гө чакырылган. Алар курсактарын тойгузуп келишкен жана мектептен да жеңил тамактар берилген. Ал кыздын эсинен тануусу курсагынын ачтыгынан же көп тургандыгынан деп ойлобойм. Бул жерде күтүүсүздөн эле кокустук болуп кетти. Учурда кыздын абалы жакшы, ал ошол күнү эле үйүнө кетпей, кайра катарга турган. "Эмне болду?" деп сураганыбызда “жөн эле сүрдөп кеттим окшойт” деп жооп берди ал". Ал эми бул тууралуу 6-класста окуп жаткан Бегайым эч нерсе айтып бере албады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан