Баткен облусунда Тажикстан өлкөсүнө аткезчилик жол менен күйүүчү майды өткөрүү фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун баасы 1,5 миллион сомдон ашык 40 тонна күйүүчү майды аткезчилик жол менен Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.