Акыркы сутка ичинде республика аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районунда турак үй күйүп кетти

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндө жыгач устундуу, шифер жабылган 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 107 чарчы метр жыгач полу, 18 чарчы метр пластик шыбы, 4 терезе, 6 эшик, үй ээлеринин документтери күйүп кеткен. Ошондой эле үйдүн жанында турган Крайслер үлгүсүндөгү автоунаанын арткы айнеги да күйгөн. 

Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан