Орусияда “жасалма акча чыгарышкан" деген шек менен кармалган эки кыргызстандык 4 жылга эркинен ажыратылды

Орусиянын Челябинск облусунда “жасалма акча чыгарышкан" деп шектелип кармалган 2 кыргызстандык жаран 4 жылга эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык 40 жаштагы М.Валиулин жана 27 жаштагы С.Меньшов 2013-жылдын декабрь айында Челябинск шаарында 5 миң рублдук купюранын 30 жасалма акчасын сактап жүргөнү аныкталган. Кылмышка шектүүлөр кармалгандан кийин алардын батиринен дагы 5 миң рублдук 62 жасалма акча табылган.

Бул факты боюнча Челябинск шаарынын Калинин райондук соту Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “уюшкан топ тарабынан жасалма акча чыгаруу, сактоо жана өткөрүү” беренеси боюнча кыргызстандык жарандарды 4 жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле соттолуучунун бири 2013-жылы июнь айында чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн Орусиядан депортация болгон. Бирок ал Кыргызстандан аты-жөнүн өзгөртүп, Орусияга кайра барганы айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан