Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жүк ташуучу унаада 15 метр куб жыгач материалдары болгон. Контрабандалык жүк Тажикстандан ташылып келе жаткан. Кыргызстандын аймагына өтүүдө бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Эксперттердин баамында, кармалган жүктүн баасы 235 миң сомду түзөт. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.