Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Фольксваген Гольф унаасынын 1993-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Натыйжада айдоочу жана ичиндеги эки жүргүнчү кыз жабыркаган. Учурда алар жергиликтүү ооруканага жеткирилишти.