Зордуктоого шектелип жатышкан үч сот аткаруучунун ишин кароо 13-ноябрга жылдырылды

Зордуктоо фактысына шектелип жатышкан үч сот аткаруучунун иши боюнча сот отуруму 13-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Калия Арабекова билдирди.

Анын айтымында, отурум кечээ, 28-октябрда Сокулук райондук сотунда болмок. Бирок күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу ишти кароо кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз КарымбаевАлтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев  аттуу сот аткаруучулары "өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишүүдө. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mir82
2014-10-29 11:55:41
Урдум! ушу бийликтичи. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан