Токмокто “сатуучу кызды бөтөлкөнүн сыныгы менен коркуткан” деп шектелген жаран кармалды

Токмокто сатуучу кызды бөтөлкөнүн сыныгы менен коркутуп, тоногонго аракет кылгандардын бири кармалып, экинчиси изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-октябрда кечке маал Токмоктогу күркөлөрдүн бирине 2 белгисиз адам кирип, бөтөлкөнүн сыныгы менен 16 жаштагы сатуучу кызды коркутуп, анын уюлдук аппаратын алып кеткен. Башында алар акча талап кылышкан, бирок акча жок болуп калгандыктан, кыздын телефонун алып качышкан.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери тоногондордун бири катары 1996-жылы туулган жергиликтүү тургунду кармашкан. Ал эми экинчи шектүү учурда изделүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан