Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине К.Оксана аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнөн баалуу буюмдарды уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.