Москвада 23-октябрдан бери жүрүп жаткан “Мигрант-2014” аталыштагы рейддин алкагында 27 миң чет өлкөлүк жаран полиция бөлүмдөрүнө алынып келинип, өздүгү текшерилди. Ал эми 7 миң мигрант административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, рейддин алкагында полиция кызматкерлери Орусияда мыйзамсыз жүргөндөрдү жана кандайдыр бир кылмыш же соттук териштирүүлөргө тиешеси барларды да аныкташууда.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында миграцияга байланыштуу 129 кылмыш иши козголуп, 126 адамды Орусиянын аймагынан мажбурлоо жолу менен чыгаруу чечими кабыл алынганы айтылууда.
Аталган рейдге 4,5 миң полиция кызматкери тартылган, ал эми аталган иш-чара 2-ноябрга чейин уланмакчы.