Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 30-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Щербаков, Боталиев, Тюменская, Осипенко, Манас көчөлөрүндө жана Кемеровский тар көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле Карульская, Стаханов, Литвинов, Средняя, Пишпек, Дмитров, Дэн Сяопин, Маяковский, Тоголок Молдо, Щербаков көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтер орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы өчөт. 

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кырман, Учкун, Лебединовка (Чүй, Ош, Нарын, Набережная, Манас, Энергетиктер шаарчасы көчөлөрү), Беш-Күнгөй, Ленинское (Восточная, Алматы, Виноградная көчөлөрү), Кайырма, Мыкан, ПМК-3, Константиновка, Луговое, Арашан, Таш-Мойнок, Васильевка, Комсомольская, Лесная, Фрунзе, Бирлик (Токтогул, Новая көчөлөрү), Лесхоз айылдарында, Москва районуна караштуу Жуков, Сретенка (Крупская, Новая көчөлөрүндө), Төмөн-Суу, Чоң-Арык, Гипер-Арык, Мураке, Ак-Башат, Кызыл-Дыйкан айылдарынын бир бөлүгүндө жана кант заводу тараптагы Южная, Есенин, Добровольский, Подробная, Совет, Пишпек көчөлөрүндө жарык өчүшү мүмкүн. 

Мындан сырткары Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка (Ленин, Алматы, Линейная, Набережная, Совет, Киров, Фрунзе, Турсун-Бяр, Мичурин, Чапаев, Атай, Пушкин, Манас көчөлөрүндө) айылында жарык өчөт. Саат 10:00дөн 14:00гө чейин Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан